Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.10.2018 14:47

Ак-Талаада Ардагерлер күнүндө төрөлгөн ымыркайдын апасына белектер тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ардагерлер күнүнө карата 24-октябрда туулган ымыркайдын апасына РИИБ тарабынан белектер берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык 24-октябрь – Ардагерлер күнү деп белгиленген.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Айдаркул Саткынов, РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдык боюнча ага тескөөчүсү, милициянын майору Мирлан Ашырбаев 24-октябрь күнү жарык дүйнөгө келген ымыркайдын апасына белек беришти. Аталган күнү Тоголок Молдо айылынын тургуну Наргиза Ниязалиева балалуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×