Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.10.2018 14:56

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында жүздөй жаш балбан килем үстүндө күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын өткөрүлүүчү «Шерине» аталыштагы спорттук мелдеш Кош-Дөбө айылында машыктыруучулар Шабдан Муратов, Билимбек Асылбеков жана Билимбек Капарбек уулунун уюштуруусунда өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Бул мелдешке Кош-Дөбө, Баетов, Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылдарынан 100гө чукул жаш балбандар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×