Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2018 13:11

Раимберди Мамашарипов Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси болду (өмүр баяны)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси болуп Раимберди Мамашарипов дайындалды. Маалым болгондой, буга чейин аталган борборду жетектеп келген Айгүл Капарова өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Мамашарипов Раимберди Эгамбердиевич 1987-жылы 13-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Билими:

2005-2011-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүн аяктаган. Кесиби терапевт жана кардиолог. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу:

- 2008-2012-жылдары Республикалык психикалык ооруканада психосоматик;

- 2011-2012-жылдары М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборундагы үй-бүлөлүк курсу менен кафедрасында ординатор;

- 2012-2013-жылдары М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунда ассистент;

- 2013-2015-жылдары Ак-Талаа райондук О.Көккөзов атындагы аймактык ооруканасынын соматика бөлүмүндө терапевт болуп эмгектенсе, ушул эле жылы соматика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Андан тышкары ушул эле учурда Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кардиолог, эндокринолог, нарколог жана спидолог болуп эмгектенген.

- 2018-жылдын 8-июлунан тарта Нарын аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунда башкы адис кызматын аркалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×