Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2018 19:30

Ак-Талаада 227 адам психикалык оору менен жабыркайт (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолукту коргоо күнүнө карата тегерек стол өтүп, бир катар маселелер талкуулангандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 31-октябрь күнү үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан уюштурулган тегерек столго акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, аталган борбордун жетекчиси Раимберди Мамашарипов, мектеп директорлору жана соцмугалимдер менен социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө психикалык оору менен жабыр тарткандар, аларды дарылоо, оорунун алдын алуу, жардам көрсөтүү, кеп-кеңеш берүү туурасында дарыгер Чатыркүл Дөнөмбаева баяндама жасаса, ал эми тегерек столдун максаты жана мааниси туурасында Р.Мамашарипов маалымат берди. Ошондой эле психикалык жактан жабыр тарткан адамдар боюнча кыскача слайд-шоу көрсөтүлдү.

Ал эми талкуу учурунда мектеп директорлору тарабынан мектептерде психикалык жактан жабыр тарткан, талма менен ооруган айрым окуучулар бар экендиги баса белгиленип, ал окуучулар мектепте ар кандай терс көрүнүштөрдү жасап жаткандыгы айтылды. Бирок аларды мектепке кабыл албай коюуга дагы болбостугун, эгерде мектептен эс-учун жоготуп жыгылып калса же дагы бир башка терс көрүнүштөрдү жасап жиберсе, мектеп мугалимдери гана зыян тартарын билдиришти.

«Психикалык жактан жабыр тарткан окуучуларга кандайдыр бир жардамдар болсо же аларга өзүнчө билим берүү шарттары түзүлүп берилсе болмок», - дешет мектеп директорлору.

Ошондой эле мектептерге психолог мугалимдер зарыл экендигин, соцмугалимдерди атайын психологиялык курстардан окутуу, мектептерде жана айыл аймактарда жергиликтүү тургундарга тегерек столдорду, жыйналыштарды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу сунушталды.

Мындан тышкары бүгүнкү иш-чарада Ак-Талаа районунда психикалык жактан жабыр тарткан 227 адам каттоодо турары маалым болду. Бүгүнкү күндө «Д» каттоосунда 227 адам болсо, мунун ичинен 145 адам акыл-эсинен артта калгандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ал эми шизофрения менен 43 адам жана жеке бузулуулар менен 35 адам «Д» каттоосунда турат.

Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Чатыркүл Дөнөмбаеванын психикалык оорулардын түрү боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Акыл-эсинен артта калгандар – "Д" каттоосундагылар боюнча ар бир айыл аймактарда 2-3 бала, жок дегенде 1 бала медициналык кароо учурунда катталат. Балдардын сабакка жетишпегени, өздөштүрө албаганы же болбосо укпай, сүйлөбөй калганы кезигет. Бул балдар энесинин боюнда бар кезинде эле жабырланып калышат. Ичкилик ичүү, тамеки чегүү, наркотикалык зат колдонуудан же эненин туура эмес дарылануусунан жана эненин стресс абалга түшүүсүнөн улам болот.

Шизефрония — бул оору менен көбүнчө чоң адамдар жабыркайт. Мисалы, 18 жаштан 25 жашка чейинкилер оорушат. Бул оорунун белгилери — өзү менен өзү сүйлөшүү, ички дүйнөсүнүн тынчсыздануусу. Булар өзүн-өзү башкара албай, айтылган сөзгө маани бербей, бирок өзүн соо адамдай сезишет. Ал эми сырттан караган адамга оору экендиги сезилип турат.

Жеке бузулуулар — үйдө же мектепте, жумушта, коомдо сезилбегени менен адамдардын жабырланып калуусу. Мисалы, окуучуну "сен өздөштүрө албайсың, дагы окубай келдиңби, сен билбейсиң" деген сөздөр менен күндө кайталап уруша берсе, анда ошол окуучу өзүн туура эмес сезип, чын эле мен эч нерсеге жарамсызмын деген ойлор менен өзүн басынтат. Чоңойгондо да ушул эле окуя үйдө, жумушта, коомдо кайталана берсе ошол адамдын ички дүйнөсү коомдон бөлүнүп, психикалык жактан жабырланып калууга алып келет», - деди ал.

Тегерек столдун жыйынтыгында райондук деңгээлде окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу боюнча план кабыл алынып, анын негизинде тиешелүү мекемелер иш алып барышмай болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×