Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.11.2018 15:33

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылында жаңы мечит ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 2-ноябрь күнү аталган айылга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган мечиттин ачылыш аземи өтүп, ага акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, райондун имамы Жаныбек Жээнбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мечиттин курулушу ушул жылдын май айында башталып, 7 айда толук бүткөрүлгөн. Жалпы 30 миң доллар сарпталып, каражат жергиликтүү жана сырттагы демөөрчүлөр тарабынан чогултулду.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө мечиттин курулушуна демөөрчү болгондорго райондук администрациянын, Баетов айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары жана ардак грамоталар ыйгарылып, ошондой эле чоң салым кошкондорго калпак жана чапан кийгизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×