Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.11.2018 16:09

Ак-Талаанын Баетов айыл өкмөтүндөгү автобазанын имараты мектепке айланат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылындагы автобазанын имараты мектеп катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдагы автобазанын 3 кабаттуу имараты көп жылдардан бери каралбай келген. Учурда имаратты оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

«Бул автобаза Жогорку Кеңештин депутатына таандык болчу. Депутат менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анын жыйынтыгында имаратты кайра элге берди. Ошондой эле оңдоп-түздөлүп жатат. Муну мектеп катары колдонобуз. Мектептин эмеректери үчүн Жогорку Кеңештин фондусунан 200 миң сом каражат бөлүндү», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×