Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.11.2018 09:42

Руслан Алдеев Ак-Талаа райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчилигине дайындалды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчилигине Руслан Алдеев дайындалды.

Аны жамаатка тааныштыруу иш-чарасына акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов жана аталган башкармалыктын кызматкерлери катышып, Р.Алдеевди кызмат орду менен куттукташты.

Өмүр баяны:

Алдеев Руслан Келдибекович 1979-жылы 7-февраль күнү Жаңы-Талап айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 2 кыздын атасы.

Билими:

- Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинде билим алган;
- 1996-1999-жылдары Бишкектеги архитектура жана курулуш колледжинде окуган;
- 1999-2003-жылдары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде билим алган.

Эмгек жолу:

- 2003-2008-жылдары Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын башкы пландаштыруу бөлүмүндө адис, долбоорлордун башкы архитектору;
- 2008-жылы Ош шаардык башкы архитектура башкармалыгында жеке менчик турак жай куруу бөлүмүндө башкы адис;
- 2008-2011-жылдары Жаңы-Талап айылында дыйкан чарба менен алектенген;
- 2011-2015-жылдары кайрадан өз кесиби менен иштеген;
- 2016-2017-жылдары дыйканчылык менен иш алып барган;
- 2017-жылы Жаңы-Талап айыл өкмөт башчысы болуп шайланган;
- 2018-жылдын 5-ноябрь күнү райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчылыгына дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×