Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.11.2018 10:18

Ак-Талаанын Кызыл-Белес айылында коомдук мончо курулуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылында жаңы мончо курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациянын адиси Азамат Аскарбеков билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылга түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 300 миң сомго заманбап үлгүдөгү коомдук мончо курулган.

Мончонун ачылыш аземине акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчысы Алмазбек Абдылдаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аземдин жүрүшүндө мончонун салынышына эмгек кылгандарга айыл өкмөттүн жана райадминистрациянын ыраазычылык каттары менен ардак грамоталары тапшырылды.

Мончонун ичинде бардык керектүү эмеректер, чачтарач, бассейн жана чайкануучу жай бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×