Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.06.2019 17:26 На русском

Министр Н.Мирзахмедов Ак-Талаадагы кооптуу зоналар менен таанышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш сапары менен келип, бир катар кооптуу зоналар менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков билдирди.

Маалым болгондой, 20-июнда Н.Мирзахмедов Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайынын жээгин бекемдөө иштери, Ак-Тал айылынын түштүк тарабындагы селден коргоочу дамбанын абалы жана аны капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору менен, Үгүт айылындагы Терек-Сай сайынын жээгин коргоо максатында «Жашыл» долбоорунун алкагында бак-дарак отургузулган сейил бак менен таанышты. Ошондой эле Нарын—Баетов унаа жолунун 97-чакырымындагы Үч-Кара-Суу чөлкөмүндөгү Нарын дайрасынын сол жээгиндеги кооптуу аймакты көрүп, Транспорт жана жолдор министрлигинин тиешелүү башкармалыктарына сунуш берүүнү тапшырды.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнованын айтымында, Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылын кесип өткөн Кум-Арык сайынын жээгин катуу кирген суу жеп, айылга кооптуу абал жаратып келген. Сайдын жээгин бекемдөө үчүн 500 метр аралыкка дамба куруу иштери башталган.

«Дамба куруу иштери жүргүзүлүп жаткан. Тилекке каршы, акча каражатынын кечеңдеп жатканына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтоп калган эле. Министр Н.Мирзахмедов Нарын өрөөнүнүн климатынын катаалдыгын, суук эрте түшөрүн эске алып, каражат маселесин чечип берерин, курулуш иштери күзгө чейин бүткөрүлөрүн баса белгиледи. Андан сырткары, айылдагы эки жээкти байланыштырып туруучу көпүрө куруу планга киргизилсин деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине протоколдук тапшырмасын берди», - деди Г.Үчүгөнова.

Ал бул иштин аркасы менен сайдын жээгиндеги мурунку габион торлорун бөксө жайлоолорго кетүүчү унаа жолдорунун кыян суу жеп кетүү коркунучунда турган жээктерине коюп, бекемдеп алышкандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×