Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.06.2019 18:02

Ак-талаалыктар министр К.Чолпонбаевге кайсы көйгөйлөрдү көтөрүштү?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иш сапары менен келип, бир катар көйгөйлөр менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 22-июнда К.Чолпонбаев Орозбек Көккөзов атындагы райондук оорукананын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун иши менен таанышты.

Анда сырттан келген дарыгерлердин жашай турчу турак жайы жок болгондуктан кайра эле кетип жаткандыгы айтылды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ошол жердеги имаратты оңдоп, турак жайга айландырса болору, бирок ага каражат зарыл болуп жаткандыгын, ооруканадан чыккан саркынды суулардын түтүкчүлөрүнүн эскилиги жетип, учурунда биофильтри жок курулуп калган септик иштебегендиктен саркынды сууларды автоунаа менен сыртка ташып төгүүгө мажбур болуп жатышкандыгын айтышты. Тоголок Молдо айылдык ооруканасында тез жардам унаасынын жоктогунан катуу ооруган жарандарды райондун борборуна алып келүү кыйынчылык жаратып жаткандыгы жана ошондой эле райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга кептелип, кулап калуу коркунучунда болгондуктан жаңы имарат куруу зарыл экендиги айтылды.

Өз кезегинде министр К.Чолпонбаев сырттан келген дарыгерлердин турак жайы үчүн донордук уюмдарга кайрыларын, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун жаңы имаратын куруу үчүн курулуштун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгып жөнөтөрүн билдирди. Ал эми Тоголок Молдо айылдык ооруканасына тез жардам унаасын чечип берерин баса белгилеп өттү. Ошондой эле жаңы септикти курууга аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×