Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.06.2019 08:17

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында китепкана ачылды

Turmush -  23-июнда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында өткөн «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында мурунку китепкана оңдолуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаш активист М.Элүүбеков билдирди.

Маалым болгондой, жалпы 1287 китеп чогулду. Аларды китепканага тапшыруу аземине маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков, «Ыйман» фондунун координатору Табылды Муратбеков, мектеп мугалимдери, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында республика боюнча буга чейин 52 китепкана ачылса, Кара-Бүргөн айылындагы китепкана 53-китепкана катары эсепке алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×