Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.06.2019 14:49 На русском

Айыл турмушу: Ичи өткөн аарылардын оорусун кантип алдын алуу керек? Балчы Р.Сарыбаевдин жообу

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Рысбай Сарыбаев атасынан калган бал челектерди жаңылап, үй-бүлөлүк бизнести кеңейтүүдө. Балчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Рысбай Садырбаевдин айтымында, атасы аары кармап, үй-бүлөсүн бал менен камсыздап келген.

«Атам совет доорунда 25 жыл бал челек кармап, бал тартчу. Мен жакынкы 3 жылдан бери 35 бал челек кармап, бал алып жатам. Бал челекти 200гө чейин көбөйтүүнү пландадым. Челекке аарыны салып койсо эле бал чогулбайт. Аарыны да карап, күзүндө жана жазында челекти дезинфекциялап, оорунун алдын алуу керек. Аарылардын ичи өтүп, чөпкө ууланып оорушат. Убагында байкап дарылап алсак маселе жаралбайт. Аарылар да адам сыяктуу тамагы күчтүү болуп, тазалыкты сактаса тыным албай иштешет. Күнүгө бал челектеги аарыларды карап, ашык жумурткаларды тазалоо керек», - дейт Рысбай Сарыбаев.

Анын айтымында, балдан чыккан жыт адамдын ден соолугуна пайдалуу.

«Оорулардын алдын алып, адам оорубайт. А.Македонский Арабияны жана Түндүк Африканы басып алуу үчүн жаңы жортуулга кызуу даярданып жатканда безгек менен ооруп, дүйнөдөн кайтат. Македонскийдин сөөгүн бузбай, өз мекенине алып баруу үчүн денесин балга салып, чөлдөн алып кетишкен. Бул тарыхта жазылган. Ал эми жаңы союлган этти балга салса, кызыл бойдон сакталып турат. Мындан сырткары балдын ден соолукка пайдасы абдан көп.

Тынымсыз иштеген аарылардын жашоо убактысы 15 күн. Бир үй-бүлөдөгү ургаачы аары күнүгө 2,5 миңге чейин жумуртка тууйт. Эгерде бир үй-бүлөдө 2 ургаачы аары болуп калса маселе жаралат. Аарылар качып чыгат.

Бул балчылык жумуш көп мээнетти талап кылат. Ургаачы аарыны Украинадан алуу ниетим бар. Бал чогултуу убагында ар бир челектен 25 кг бал алам. Бул көрсөткүч да жакшы. Экспортко чыгаруу бирден-бир максатым. Бал тартууда эч нерсе кошпой, сапаттуу жасасак алуучулар да көбөйөт. Чет мамлекетте балдын сапатын текшерген аппараттар бар. Андыктан Кыргызстандын балы деген брендди жоготуп албоо керек.

Балдын сапатын текшерген эң жөнөкөй жолду айтайын: таза балды сууга салсак, суу эч нерсе болбойт. Эгер суу кирдеп, майда нерселер пайда болсо, анда бул кошулмасы бар бал болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×