Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.06.2019 09:26 На русском

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы мурунку устакана күрөш залга айланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында мурунку устакананын имараты оңдоодон өткөрүлүп, күрөш залы болуп ачылып, пайдаланууга берилгендигин жаш активист Эрлан Смайыл уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ушул убакка чейин спортко дилгир балдар машыгуу залынын жоктугунан убара тартып келишкен. Машыгуу залын жасоо демилгеси жаштар тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү элдин колдоосу менен жүзөгө ашырылды. Мындай салтанаттуу саамалыкка жергиликтүү жетекчилер, айыл аксакалдары, ата-энелер, жаштар катышышты. Алдыда атайын спорт комплексине айландыруу боюнча бир катар иштер мерчемделгенин демилгечилер белгилейт.

«Бала кезде спортко деген кызыгуу күч эле. Бирок мектепте чакан күрөш залы болгону менен шарттары жок болчу. Балалык кыялдарыбыздын орундалбай калышына себеп болду. Кийинки муун спорттон ийгилик жаратышы абзел. Мурда башталып, бирок аягына чыкпай калган спорт залын оңдоп-түзөө иштери токтоп калды. 1995-жылкы жигиттер машыгуу залын оңдойлу деген максат менен иш баштаганбыз. Курулуш материалдарын сатып алууга жергиликтүү тургундардан 73 миң сом акча каражаты чогулуп, 150 миң сом акча каражатын уюштуруучулар чогулттук. Курулуш жумуштарын өзүбүз жасап, чыгашаларды да үнөмдөп, 223 миң сомду курулуш материалдарын алууга сарптадык. Ал эми күрөшүү үчүн жумшак килемди айыл тургуну Мейманбек уулу Нурлан 100 миң сомго демөөрчүлүк кылып алып берди. Бүткөрүү жумуштарын кошпогондо 323 миң сом керектелди. Буюрса болочокто спорттун мыктылары чыгат деген үмүттөбүз», - деди демилгечилердин бири Дүйшөнбек Турарбеков.

Күрөш залдын узундугу 14 метр, туурасы 7 метр. Ичинде машыктыруучунун бөлмөсү, жуунучу жай жана кире бериш бөлмөсү да бар. Бул имарат мурда устакана катары колдонулуп келген. Кийин колдонулбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×