Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.06.2019 20:34 На русском

Сүрөт — Ак-Талаадагы сел унаа жолду кыйратып жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп Баетов—Кош-Дөбө унаа жолун каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 26-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ак-Чий айылындагы селден коргоочу дамбадан суу ташып, айылдагы бир нече үйдүн чарбактарын каптаган.

Андан сырткары Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 11-чакырымындагы көпүрөдөн суу ташып, унаа жолдун 200 метрин каптаса, 50 метр жерин суу жеп кеткен. Учурда бир катар автоунаалар жана жүргүнчүлөр жолдон өтө албай турушат.

Аталган аймакка акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков баштаган бир катар тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү барып, жеринен иш алып барышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×