Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.06.2019 08:10

«Айылды агызып кетмек»: Ак-Чийде селден улам унаа жол бузулуп, дамбадан суу ашты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Чий айылын аз жерден сел алып кете жаздаганын аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 26-июнда болжол менен саат 18:00 чамасында аба ырайы кескин түрдө өзгөрүлүп, мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам Ак-Чий айылынын түштүк тарабын сел каптаган. Айылды кыян суудан коргоочу дамбадан суу ашып, бир нече тургундардын чарбактарын каптап өткөн. Ошондой эле айылдын күн чыгыш тарабы менен өткөн дамбанын оң капталындагы бетон менен бекемделген жээгинин 3-35 метрдей аралыгын суу жеп кеткен.

Андан сырткары, Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 11-чакырымындагы көпүрөдөн ашкан сел суусу жолдун 200 метр аралыгынан агып өтүп, 50 метр аралыгын жеп кеткен. Селдин кесепетинен 4 сааттай убакыт аталган жолдогу жүргүнчүлөр токтоп турууга мажбур болушкан.

Акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков табигат кырсыгы болгон аймакка барышты. Жол тейлөө ишканасынын кубаттуу техникаларынын күчү менен сел суусунун агымы бир аз бурулуп, унаа жолду сактап калууга ыкчам аракеттер көрүлүп, натыйжада жүргүнчүлөрдүн каттоосуна шарт түзүлдү.

Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлдөрү кырсык болгон жерге калтырылды. Андан сырткары, суу жеп кеткен дамбанын жээктерин бекемдөө үчүн 60 габион тор жана унаа жолду калыбына келтирүүгө 1,5 тонна күйүүчү май керектеле тургандыгы эске алынып, облус башчысы Аманбай Кайыповго билдирүү жасалды.

«Сел жарым сааттай жүрдү. Бир убакытта дамбага батпай калып, аша баштады. Буга чейин дагы далай жолу сел каптап, үйлөрүбүздү талкалап кеткен учурлар болуп келген. Кудай сактады. Эгер, дагы 1 саттай убакыт сел жүргөндө айылды бүтүндөй талкалап, жууп кетмек. Негизи эле биздин айыл өзгөчө кооптуу аймак. 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган аймакка айыл жайгашып, эл жашаганга болбойт деген чечим чыгарылган. Коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чыгарылган чечимдин негизинде Кара-Коо чөлкөмү тандалып алынган. Андан улам ал чөлкөмдөн 147 гектар жер каралып, башкы планы түзүлүп, тийиштүү документтери бүткөрүлгөн. Ошол 147 гектарга жаңы Ак-Тилек айылы түптөлмөк. Аталган чөлкөмгө көчөлү десек жерди трансформациялоо иштери Жогорку Кеңештен чечилип берилбей, карапайым эл минтип кыйналып, кудай деп жашап жатабыз», - дешет жергиликтүү тургундар.

Айыл эли турак жай кура алышпай же кулаганы калган турак үйүн оңдой алышпайт. Айылга керектүү имараттарды курууга болбойт. Кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыра алышпайт. Турак жайын күрөөгө коюп, насыя алууга да болбойт. Себеби, өзгөчө кырдаалда турган айыл болгондуктан эч нерсеге уруксат берилбейт. Учурда бир үйдө 3-4төн үй-бүлө жашап, баш калкалап келишүүдө. Эки айылда биригип 132 түтүн болсо, дагы турак жай курууга кезекте турган 276 адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×