Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.06.2019 08:35 На русском

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылындагы сугат суусун топтоочу бассейндин ичи тазаланууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Акылбектин-Сайы чөлкөмүндөгү сугат суусун убактылуу топтоочу чоң бассейнди тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган чөлкөмдөгү сыйымдуулугу 70 миң куб болгон сугат суусун топтоочу чоң бассейндин ичине толуп калган кум, шагылдарды тазалоо иштери Суу чарба жана мелиорация департаментинин каржылоосу аркылуу жүргүзүлүп жатат. Тазалоо иштерине райондук суу чарба башкармалыгынын кубаттуу техникалары тартылган. Учурда аталган башкармалыктан 1 даана жүктөгүч, 1 даана экскаватор, 6 даана оор жүк тартуучу унаа иш алып барууда.

Бул суу сактагыч аркылуу Чолок-Кайың жана Коңорчок айылындагы жалпы 1 миң гектардан ашык айдоо жерлери сугарылат.

«Суу сактагыч 1987-жылы курулган. Союз тараган соң кароосуз калып, 2003-жылы «Хан Шырдакбек» суу пайдалануучулар бирикмесине өткөн. 2015-жылга чейин ичине кум, шагыл толуп калып, пайдаланылбай жаткан эле. 2015-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен ичи тазаланып ишке берилген.

Суу сактагычка Ала-Буга дарыясынан насос аркылуу суу сордурулуп чыгып, канал аркылуу суу толтурулат. Ала-Буга буркан-шаркан түшүп, эзели тунбаган, ар дайым ылай болуп аккан дарыя болгондуктан суу сактагычтын ичи тез эле кум, шагылга толуп калууда. Анын үстүнө насостук станциянын суу чыпкалоочу курулмалары эскирип калган. Суу пайдалануучулар бирикмесинин кубаттуу техникалары болбогондуктан жана мындай чоң ирригациялык объектини тейлөөгө алы келбегендиктен, бул объект суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген. Ичине толуп калган кум, шагылдын бийиктиги 1,5 метр, кээ бир жерлери 2 метрди түзүп жатат», - деди Г.Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×