Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.06.2019 10:17

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында 10 жылдык бүтүрүүчүлөр балдар ойноочу аянтча куруп беришти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 10 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан балдар ойноочу аянтча курулду. Бул тууралуу 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Кудайберген Русланов аймактык кабарчыга билдирди.

Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мындан 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү, тактап айтканда 1991-жылкы классташтар 80 миң сом каражат чогултушкан. Ага балдар аянтчасын куруп бүтүштү.

«Бөбөктөрүбүздүн эс алуусуна шарт түзүү максатында балдар ойной турчу аянтча куруп берүүгө жетиштик. Андан сырткары, мечитке азан чакыруу үчүн үн күчөткүч жана мектептин усулканасына бир нече китеби менен кошо китеп коюучу шкаф алып бердик», - деди Эрзат Мыктыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×