Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.06.2019 17:33

Үгүттө 10 жылдык бүтүрүүчүлөр айылдаштарына 30 миң сомго боз үй алып беришти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылына 10 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан боз үй алынып берилгендигин алардын бири аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин мындан 10 жылкы мурунку бүтүрүүчүлөрү, тактап айтканда 1991-жылкы классташтар айыл элине 30 миң сомго боз үй сатып беришсе, жаштар үчүн теннистик стол алып беришкен. Андан сырткары 15 миң сомго дасторкон жайышып, мал союшуп, аксакалдарды коноктошту. Анда айыл тынчтыгы, ынтымак, өнүгүү үчүн бата тилешти.

Ошондой эле акчалай байге коюп, жаштар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өткөрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×