Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.06.2019 08:57

Ак-Талаада 3 турак үйдү сел каптап, унаа жол жабыркады

Turmush -  Ак-Талаа районунда 3 турак үйдүн короосун сел каптады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 26-июнь күнү саат 18:30 чамасында Ак-Чий айыл аймагынын Ак-Чий айылында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, каналдын жээгинин 35 метр аралыгын жууп кеткен. Селдин кесепетинен Ак-Чий айылындагы 3 турак үйдүн короосун жана Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 12-13-чакырым аралыгында 500 метр жерин суу каптап, унаа жол жабылган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн айыл аймактан 1 трактор, №15 ЖТИден 1 грейдер тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң унаа жол ачылды. Толук тазалоо иш-чаралары 28-июнь күнү улантылат.

Буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Чий айылын аз жерден сел алып кете жаздаганын аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×