Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.07.2019 14:32 На русском

Ак-Талаада 20 жылдыктар Ж.Сатылганов атындагы мектепке эмерек алып беришти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр эмеректерди алып беришти. Бул тууралуу алардын бири Самат Алымкулов билдирди.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мындан 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү, тактап айтканда 1982-жылкы классташтар аталган мектептин мугалимдер бөлмөсүнө 25 миң сомго керектүү эмеректерди алып беришкен.

20 жылдык жолугушуу кечесине келишкен классташтар билим берген мугалимдерине ыраазычылыктарын билдирүү менен баалуу белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×