Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.07.2019 08:13

Ак-Чийдин тургундары сел алып кеткен дамбанын түбүн убактылуу бекемдешти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы селден коргоочу дамбанын 35 метр аралыгын жергиликтүү тургундар тарабынан убактылуу бекемдөө иштери жүргүзүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 26-июнь күнү аталган айылда катуу жааган жамгырдын айынан сел жүргөн. Анын кесепетинен дамбанын бетон тосмосунун 35 метр аралыгын сел жууп, тургундарга коркунуч жаралган. Андан кийин аталган зона үчүн облус башчысынан 60 габион тор суралган. Бирок аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлүп, кайрадан жаан-чачындын күтүлүшүнөн улам дамбанын оюлуп калган түбүн убактылуу бекемдөө иштерин жергиликтүү тургундар өздөрү колго алган. Алар кум-шагыл толтурулган мүшөктөр менен аталган жерди бекемдешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×