Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.07.2019 08:11 На русском

Айыл турмушу: Багбан Р.Сүйүнбеков Ак-Талаада жер-жемиштен жакшы киреше табууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын 36 жаштагы тургуну Рыскелди Сүйүнбеков 11 жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп, багбанчылык менен алектенип келет. Багбандын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Багбан Рыскелди Сүйүнбеков 2008-жылдан бери өзүнүн чарбагына помидор, картошка, капуста, бадыраң, сабиз жана башка жер-жемиштерди өстүрүп, тонналаган түшүмүн сатат.

Каарманыбыз жер-жемиш өстүрүүдө көптөгөн убара жана кыйынчылыктарды тартканы менен помидордон эле 5-6 тонна түшүм аларын айтат.

«Жер иштетип же жер-жемиштерди өстүрүүнү 2008-жылы колго алам. Алгач бир топ кыйынчылыктарды көрдүм. Багбанчылык кылуу оңойго турган жок. Жеримди арыктатып алган учурлар болду. Кайра калыбына келтирүү үчүн тонналаган кык чачтым. Арык жерден түшүм албай калып, чыгымга учурадым. Жер-жемиштерди 70 сотых жерге эгем. Алгач жер-жемиштердин уругун 5-апрелде сээп, парник кылып өстүрүп алган соң 25-майдан тарта чарбагыма отургуза баштайм. Бишкектеги дүкөндөрдөн Голландиянын үрөндөрүн сатып алам.

Эч кандай химикат колдонбойм. Малдын кыгы жана биогумус колдонуп, түшүм экологиялык жактан таза болсун дейм. Айыл жери болгондуктан чарбагымды мал талкалап, жер-жемиштерди жеп, тебелеп зыянга учуратат. Чарбакты бекемдеп тосмой негизги жумуш. Жер-жемиштердин негизги душманы — бул тоок. Күнүгө тооктон корумай түйшүгү бар», - деди Рыскелди мырза.

Жер-жемиш өстүрүүнүн сырларын кайын журтунан жана багбандардан үйрөнгөн.

«Апам Ысык-Көлдөн болгондуктан ал жактан жер-жемиштерди өстүрүүнү өздөштүрүп алдым. Мисалы, помидордон эле 5-6 тонна түшүм алам. Андан кийин түшүмдү өзүбүздүн айылга жана райондун борбору Баетов айылына алып барып сатам. 80-90 пайызын Баетовго алып барам. Бир алып барып сатканда эле 10 миң сомго чейин каражат табам. Карагатты 120 сом, помидорду 20 сом, сабизди 15-20 сом, капуста жана картошканы 20 сом, бадыраңды 20 сомдон 40 сомго чейинки баада сатам. Капуста, картошка жана башкаларды 3-4 ай жер төлөгө сактап, чекесинен алып чыгып, кышка чейин сата берем.

Айыл жеринде жакшы эле киреше деп эсептейм. Алгач жер-жемиш өстүрүп баштаганда айрым тургундар "ушунун эмнесин айдайсың? Болбогон нерсе" деп шылдыңдаган. Бирок убакыттын өтүшү менен ошол эле адамдар кызыгып, тажрыйба сурап келе башташты. Айылда өстүрүүнүн сырларын сурап, үйрөнүп жаткандар жок эмес. Бирок түйшүгүнө чыдабай, 1-2 жылда таштап салгандар дагы бар. Ар бир иштин түйшүгү бар, ага чыдаш керек», - деди багбан Р.Сүйүнбеков.

Рыскелди мырза алдыда көптөгөн пландары бар экенин кошумчалап өттү.

«Негизи жер-жемиш өстүрүүгө жаштарды тартайын деген ойдомун. Жумуш жок дебей, жер иштетсең жумуш өзү эле чыгат.

Алдыда тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууга аркет кылып жатам. Тамчылатып сугаруу жер-жемиш үчүн абдан эффективдүү экен. Канча убакыттан бери күнөскана курайын деген пландарым бар эле. Бирок ага бир топ каражат сарпталат экен. Ошондуктан ал оюм ишке ашпай келет. Учурда эл аралык донорлук уюмдарды издеп жатам», - деди ал.

Багбан Р.Сүйүнбеков үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы. Өзү 7 бир тууган. Ата-энеси мугалим. Учурда Ак-Тал айылдык жайыт комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×