Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.07.2019 13:14

Ак-Талаанын Куртка—Соң-Көл унаа жолунун 1,5 чакырымына асфальт төшөлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка—Соң-Көл унаа жолунун 1,5 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөндүгүн райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Курта—Соң-Көл унаа жолунун, тактап айтканда Тайлак бейиттен тарта Жаңы-Талап айылына чейинки унаа жолдун 1,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштерине республикалык бюджеттен 7,5 млн сом каражат каралган.

Узундугу 1,5 чакырым, туурасы 7 метрди түзгөн жолго асфальт төшөө иштери жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×