Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.07.2019 12:15

Москва шаарында ак-талаалыктар арасында футбол уюштурулду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Москва шаарында иштеп жаткан тургундарынын ортосунда футболдук мелдеш өткөрүлгөндүгүн Эрнис Жээнтаев билдирди.

Маалым болгондой, 14-июлда Москва шаарында иштеп жаткан мекендештер ортосунда «Ынтымак» аталыштагы спорттук мелдеш өткөн.

Мелдештин максаты — Москвада иштеп жүргөн ак-талаалыктардын ынтымагын бекемдөө, жакындан таанышуу жана колдоо көрсөтүү. Ага жүзгө чукул ак-талаалыктар катышып, байге үчүн ортого каражат чогултушту.

Жыйынтыгында 1-орунду «Коңорчок» командасы, 2-орунду «Кара-Бүргөн» командасы, 3-орунду «Баетов» командасы камсыздашып, акчалай байгеге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×