Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.07.2019 14:30

Ак-Талаада Баткен окуясына катышкан реаниматолог А.Көкөтаев эскерилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө реаниматолог, Баткен окуясынын катышуучусу, маркум Абай Көкөтаевдин мемориалдык тактасы коюлуп, эскерүү кечеси өттү.

Маалым болгондой, 14-июль күнү өткөн анестезиолог жана реаниматолог Абай Көкөтаевди эскерүү кечесине анын жубайы Жылдыз Эргешова, уул-кыздары, аким Нурбек Молдокадыров, геолог Кубат Осмонбетов, Баткен окуясынын ардагерлери, дарыгерлер жана ардагерлер коомунун төрагасы Шаршенбек Мурзабеков катышты.

Эскерүү кечесинин жүрүшүндө А.Көкөтаевдин арбагына багышталып куран окулуп, мемориалдык тактасы ачылды. Андан соң, Баткен окуясында бирге болгон Жалал-Абад, Чүй, Талас облусундагы ардагерлер, ошондой эле райондук аймактык ооруканада бирге иштеген хирургдар А.Орозобеков тууралуу айтып беришти.

Андан сырткары, Баткен ардагерлерине жана коомуна жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн дарыгер Мырзабек Көкөтаев, Аида Көкөтаева, Гүлзуура Чолпонбаева, Жылдыз Эргешова Баткен коомунун ыраазычылык каттары жана төш белгилери менен сыйланышты. Ошондой эле төш белги Абай Көкөтаевдин уулуна тапшырылды.

Көкөтаев Абай Орозобекович 1965-жылы 25-июнда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.

- 1972-1982-жылдары орто мектепти аяктаган;

- 1982-1987-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия медициналык институтунун педиатрия бөлүмүндө окуган;

-1987-1989- жылдары советтик армиянын катарында кызматын өтөгөн;

- 1991-1992-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун окуп, анестезиолог жана реаниматолог кесибине ээ болгон;

- 1992-1997-жылдары Тогуз-Торо райондук борборлоштурулган ооруканасында иштеген;

- 1997-2014-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштеген;

- 2004-2005- жылдары Чүй облусунун Аламүдүн райондук аймактык ооруканасында эмгектенген;

- 2005-2015-жылдары Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштеген.

Абай Көкөтаев 1999-жылы 30-август күнү өз каалоосу менен Баткен окуясына барган жана ушул эле жылдын 26-октябрь күнү келген. Ал 2015-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×