Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.07.2019 17:00

Ак-Талаада өрттөн турак жайы жабыркаган тургун кепилдик каражат алды

Turmush -  Ак-Талаа районунун Терек айылында өрт кырсыгынан турак жайы жабыркаган Рысбек уулу Жакыпбекке акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун райондук бөлүмүнүн өкүлү Адинай Эркинбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 7-апрель күнү Терек айылынын Чодура-Коо чөлкөмүндө малчы Рысбек уулу Жакыпбектин сарайынан өрт чыккан. Анын кесепетинен жанындагы турак жайына да өрт жеткен.

Рысбек уулу Жакыпбек 2018-жылдын 13-апрель күнү турак жайын камсыздандыруудан өткөргөн болчу. Бул боюнча түзүлгөн комиссия келтирилген зыянды эсептеп чыгып, жыйынтыгында чыгым 4120 сомду түзгөнү аныкталган. Турак жайдын ээсине 4120 сомдун сертификаты тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×