Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.07.2019 14:23 На русском

«Бир үй-бүлөдө 11 дарыгер»: Медицина династиясы аталган Көкөтаевдердин үй-бүлөсү. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында Көкөтаевдердин үй-бүлөсүн жергиликтүү тургундар медициналык династия деп аташат. Медицина династиясына айланган үй-бүлөнүн мүчөлөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

Жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Аида Көкөтаеванын айтымында, Көкөтай атанын Орозобек, Мурзабек, Мамытбек жана Казы аттуу 4 уулу болгон.

«Ошол 4 уулунун ичинен Орозобек атабыз жана менин атам Мурзабек дарыгер. Орозобек атабыздын байбичеси Абас Тентимишова апабыз дагы эмчи айым болуптур. Ал эми Мамытбек атабыз орус тилчи мугалим болсо, Казы атабыз музыка мугалими болгон. Эң биринчилерден болуп Орозобек атабыз дарыгер болуп Тогуз-Тородо иштеп жүргөндө менин атам Мурзабек ошол жактан окуптур. Ошондо Орозобек ата: «Көкөтаевдердин үй-бүлөсүндө музыкант, мугалим жана дарыгер бар, сен юрист бол» деп атама айтчу экен. Атам 11-класста окуп жүргөндө Орозобек атам каза болуптур. Андан кийин менин атам Мурзабек медициналык институтка барып, дарыгер болуптур», - деди Аида Көкөтаева.

Мурзабек Көкөтаевдин уулу Жылдызбек: «Чоң атабыз Көкөтай айылда уй баккан адамдын жардамчысы болгон экен. Орозобек атабыз район боюнча биринчилерден болуп медицина боюнча жогорку билимге ээ болуп, ушул тармакта иштеген. Орозобек атабыз 30 жаш курагында каза болуп калып, анын жолун улоо максатында Мурзабек атам дарыгерлик кесипти тандап алган. Кыргызда ата жолун жолдоого өзгөчө маани берилген эмесппи, ошондуктан барыбыз дарыгерлик кесипке багыт алып кеттик», - деп кошумчалады.

Орозобек Көкөтаев 1937-жылы туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун окуп бүтүргөн. Кесиби дарыгер. Анын байбичеси Абас Тентимишова 1939-жылы туулган. Эмчи айым болуп эмгектенген. Алардын Абай аттуу уулу, Нургүл жана Айжан аттуу кыздары бар.

Уулу Абай Көкөтаев 1965-жылы туулган. 1982-1987-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия медициналык институтунун педиатрия бөлүмүндө, 1991-1992-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда окуп, анестезиолог жана реаниматолог кесибине ээ болгон.

Кызы Айжан Көкөтаева Ташкент шаарында фармацевтикалык медициналык институтта окуган. Учурда Россиянын Сургут шаарында фармацевт-провизор болуп иштейт.

Кызы Нургүл Көкөтаева Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. Учурда Бишкекте тиш дарыгери болуп эмгектенет.

Орозобек Көкөтаевдин бир тууганы Мурзабек Көкөтаев эмгек жолун Нарын облустук ооруканасында иштөөдөн баштап, 1979-жылдан 1981-жылга чейин Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканада дарыгер-терапевт болуп эмгектенген. 1981-2002-жылдар аралыгында Кош-Дөбө айылындагы аймактык ооруканада башкы дарыгер кызматын аркалаган. 2002-2010-жылдары Кош-Дөбө айылындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда клиника жетекчиси болууга жетишкен. Ысымы Кош-Дөбө айылындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ыйгарылган. Анын Аида жана Нурзада аттуу кыздары жана Жылдызбек аттуу уулу бар.

Аида Көкөтаева 1977-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Кесиби жугуштуу оорулар боюнча дарыгер. 2002-жылдан бери өз кесиби боюнча иштеп келет.

Жылдызбек Мурзабек уулу 1991-жылы туулган. 2010-2016-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо бөлүмүн бүтүргөн. 2016-2018-жылдары Улуттук хирургия борборунда билим алып, хирург кесибине ээ болгон. Учурда Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасында иштеп жатат.

Нурзада Мурзабек кызы 1993-жылы туулган. Бишкекте медициналык коллеждин фармация бөлүмүндө билим алган. Учурда Чүй облустук төрөт үйүндө дарыкананын кызматкери болуп эмгектенүүдө.

Көкөтай атанын үчүнчү уулу Мамытбек Көкөтаевдин Гүлнур жана Астра аттуу кыздары бар.

Астра Көкөтаева 1976-жылы туулган. Токмок шаардык медициналык окуу жайда билим алган. Улуттук хирургия борборунун реаниматология бөлүмүндө окуган. Аскердик-медицина кызматында эмчи айым болуп иштеген. Учурда Бишкекте улуу эмчи болуп эмгектенүүдө.

Гүлнур Көкөтаева 1980-жылы туулган. 1997-1999-жылдары Токмок шаардык медициналык окуу жайында, улуттук хирургия борборунда билим алган. Учурда Бишкекте эмчи айым болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×