Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.07.2019 16:33 На русском

Аталарды кылчайтып, Соң-Көлдүн көркү болгон апалар. Сүрөт

Turmush -  19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда «Акмөөр» фестивалы өткөн. Аны Ак-Талаа райондук мамадминистрациясы, Кыргызстан аялдар конгресси жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурду.

Фестивалдагы апалардын сүрөтүн аймактык кабарчы топтоду. Алар кийимдери менен Соң-Көл жайлоосуна келген бардык коноктордун, өзгөчө аталардын көңүлүн буруп, кылчайтып каратышты.

Фестивалда:

- «Улуу кыргыз көчү» көргөзмөсү;
- «Акмөөр — Соң-Көл периси» сулуулук сынагы;
- «Кыз-жигит» сармерден оюну;
- Этно мода көргөзмөсү;
- Кол өнөрчүлүк;
- Этно базар;
- Улуттук спорт оюндары уюштурулду.

Фестиваль гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Фестивалга Маданият маалымат жана туризм министрлиги 100 миң сом чыгарып, демөөрчүлөр спорт оюндарынын баш байгесине 2 «Жигули», сулуулар сынагына 1 жеңил унаа коюшту. Ал эми жергиликтүү бийлик сый тамак, меймандарды тейлөө жагын колго алышты. Ошондой эле кызыктыруучу белектерди алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×