Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.07.2019 18:24

«Акмөөрдүн сүйүүсү болсо болгондур»: Ак-талаалык апалар жаңы маалыматтарды айтышты

Turmush -  «Акмөөрдүн сиңдилери» тобунун жетекчиси Сонун Абдиева 78 жашта. Ал маданиятка эмгек сиңирген ишмер, персоналдык пенсионер. Сонун апа Акмөөрдүн тарыхын баяндап берди.

«Эл Акмөөр десе эле совет мезгилинде жарык көргөн тасмадагы каарманды элестетишет. Андагы каармандын ролунда Таттыбүбү Турсунбаева ойноп, Акмөөрдү Жумгалдан чыккан деп да айтышкан. Изилдесек, ал ак-талаалык болуп чыкты. “Акмөөрдүн сиңдилери” деген топ түзүп, андагы таланттуу байбичелердин арты менен көп иш жасадык.

“Тарыхты эмне үчүн так айтпайбыз? Акмөөр ак-талаалык, жумгалдык эмес” деп жүрдүк. Ошентип 19 жыл күрөштүк. Ак-талаалык жигиттер хан Жантай менен Акмөөрдүн тарыхын жакшылап изилдеп, тактап чыгышты. Ошентип Акмөөр ак-талаалык экенин тарых тастыктап жатат. Кеминдеги байбичелер “Жантайды чал кылып, Акмөөрдү ага ыйлап келди дейсиңер. Эми бүт элдин баркына жеткен Жантай Акмөөрдүн баркына жетпей калабы?” деп айтышты.

Соң-Көлдүн гана башы сал менен,
Соодагер өтөт мал менен.
Солкулдап гана ыйлап баратам,
Соолуган Жантай чал менен — бул арман ыры совет мезгилинен калган да. Тарых чынында бурмаланып калган. Сүйүүгө кеп жок, карысы да, жашы да үйлөнүп жатышат. Чет мамлекеттеги адамдарга турмушка чыгып жатышат.

Акмөөр менен Соң-Көл экөө айкалышкан. Акмөөр бир эле Соң-Көлдүн периси эмес, Кыргызстандын периси»,- деди Абдиева.

Айнагүл Абдыкалыкова Ак-Талаа райондук «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү, 62 жашта.

«Хан Жантай жаш кызды эркине койбой алып кеткен деп айтышат. Менин угушум боюнча, Акмөөр кара тору, мурду кырдач, акылдуу, сөзгө чечен, акындык жагы дагы бар кыз экен. Ата-энеси деле кудайга шүгүр, кедей эмес, жакшы эле турчу экен. Бирок бир жылдары мал-жандыктарга оору тийип кырылып, ачарчылык заман келиптир. Ошол мезгилде Жантай хан Соң-Көлгө келет деген имиштер угулуп баштаганда, Акмөөр кыздар менен көлгө түшкөнү барган экен. Хан Жантай жигиттери менен көл жээктеп келгенде Акмөөр көлдөн чыкпай коюптур. Себеби, хан менен жолугууну көздөгөн деп айтышат. Эми мунун көп варианттарын угуп жүрөм. Ошондо хан Жантай Акмөөргө жолугуп, анын чечендигин, акылдуу экендигин байкап, колун сураган дешет. Бири хан Жантай ошондо 41 жашта десе, айрымдары 54 жашта болгон дешет. Ал эми Акмөөр 16-17 жаштагы кыз болгон.

Акмөөр элин жакырчылыктан сактап калуу максатында ушундай кадамдарга барган деп да айтып жүрүшөт. Акмөөр менен Болот (жылкычы Болот) экөө таяке-жээн болгон экен. Алар бир үйдө жашашчу дешет. Акмөөрдү Хан Жантай алып кеткенде Болоттун теңтуштары “Болот Акмөөрдү өзүң эле алып калсаң болмок” деп айтышыптыр. Болот менен Акмөөрдүн сүйүүсү болсо болгондур, бирок ал кезде сүйүү азыркыдай ачык айтылчу эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×