Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.07.2019 11:17 На русском

Боору 4-5ке бөлүнүп кеткен көк бөрүчү, сокур ичегисине узун курт тыгылган бейтап: Карагуловдун тажрыйбасы

Кубанычбек Карагулов
Кубанычбек Карагулов

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Орозбек Көккөзов атындагы аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, 32 жылдан бери хирург болуп иштеп келе жаткан Кубанычбек Карагулов менен аймактык кабарчы таанышты.

Адам өмүрүн сактап калууга жан үрөп, күн-түн дебей кызмат кылып келе жаткан Кубанычбек мырза хирург болууга шык, жөндөм керектигин айтат.

«Мектепти бүткөн соң Медициналык институтка бардым. Ошол окуп жүргөн мезгилде хирург болом деген каалоом пайда болду. 4-курс кезимден баштап хирургияны көздөй кадам таштай баштадым. Ар бир эле адам хирург боло албайт. Ал үчүн шык, жөндөм керек. Албетте, сапаттуу билим алуу кажет.

Студент кезимде операцияга катышып, хирургдардын артынан калбай ээрчип, аларга жардамдашып, аракет кылып жүрүп үйрөндүк. Бул кесип өтө жоопкерчиликтүү. Так, жаңылыштык жок иштөөнү талап кылат. Көз менен көрүп, баш менен окуп жана колду көндүрүү зарыл. Колуң абдан эпчил болушу керек. Бойдок кезимде Нарында интернатурада хирург болуп иштедим. Ал жерде 1 жыл бою түнөп эмгектендим. Эч жакка чыкчу эмесмин. Өзүң жанталашып үйрөнмөйүн жыйынтык чыгара албайсың», - деди К.Карагулов.

Кубанычбек мырза жирургдун артыкчылыгы — ооруп келген адамды операция жолу менен сакайта алганында деген пикирде.

«Ар бир кесип ардактуу деп коёт. Хирургиянын башкалардан айырмачылыгы, артыкчылыгы бар. Ооруп келген адамга операция жасаган соң оорусунан таптаза сакайып кетет. Мисалы, терапияда же кардиологияда мезгил-мезгили менен дарылайт. Ал дарылоодон кээ бири айыгып кетет, айрымдары өнөкөт болуп кайра ооруп жүрө берет. Кайра келгенде эмне? Баягы эле дары, баягы эле дарылоо жүргүзмөй. Мисалы, өттөгү ташты же ашказандагы жараны операция жолу менен алып койсоң ал адам оорусунан таптаза айыгып кетет деген сөз. Негизи хирургдар бычактын мизинде жүрөбүз. Кокус туура эмес болуп калса, кечигип калсаң же жаңылыштык кетирип алсаң — бул кечирилгис ката. Бизде катачылык, жаңылыштык деген болбош керек», - деди өмүр сакчысы.

Кубанычбек мырза буга чейин Ак-Талаада жалгыз хирург болуп иштеп келсе, учурда 4 хирург биргелешип иштейт. Бир райондо 4 хирургдун иштеп жаткандыгы чоң жетишкендик деп эсептейт.

«Райондун шартында эң оор операция уйку безге, боорго, ашказанга жасалат. Оор операциялардан жүрөккө операция жасагам. Бычакталган адамдын жүрөгүнө операция жасоого туура келди. Ыраматылык Абдылас Жоробеков аттуу хирург экөөбүз 6 саат операция жасадык. Сайылган бычак өпкөнү жарып, жүрөктү кесип кеткен экен. Тилекке каршы биз ал адамдын өмүрүн сактап калган жокпуз.

Кырсык болгондо бөйрөк, боор же жүрөк экен деп карап отурбайсың. Диагнозун коёсуң дагы биринчи жардамыңды көрсөтө баштайсың. Жарылган же айрылган жерин калыбына келтирип, канын токтотууга аракет жасайсың. Бирок мен ал операцияны өзүнүн орду менен жасагам. Атайын эксперттер келип, «бул өтө оор. Кесилген жүрөккө операция жасоого мүмкүн болбойт» деп жыйынтыгын чыгарышкан. Эң узак операциям 6 саатка созулса, ал эми эң кыска операциялар 20 мүнөттө бүтөт. 6 саатта өтө чарчайсың. Бирок бейтап өлүм алдында жатса чарчаганыңды деле билбей каласың. Качан гана операция бүтүп, сыртка чыкканда белиң ооруп, моюнуң талып калганын билесиң. Ал тургай дааратканага дагы барбайсың.

6 сааттык операциялар анда-санда эле болот. Көбүнчө 3-4 сааттык операцияларды жасайбыз. Мурун наркоз жок болчу. Новокаин сайып алып жасачубуз. Азыр кудайга шүгүр, наркоз берилип, бейтап уктап калат. Медициналык жабдыктар жаңы жана жетиштүү», - деди ал.

К.Карагулов: «Анекдот деле жашоодон алынат эмеспи. Медицинада мындай анекдот бар: «Кыргыздар качан оорусу өтүшүп, өлгөнү калганда дарыгерге келишет» деп коёбуз. Бул сөз деле жөн жерден чыкпайт. Биз эч качан операция кыла турчу адамга «операция ийгиликтүү өтөт, айыгып кетет» деп кепилдик бербейбиз. Мисалы, операция учурунда жүрөгү токтоп каза болуп калган адамдар болот. Катуу ооруп келген адамдын абалын көрөбүз дагы «бул кишинин абалы абдан оор. Оор дебей операция жасайбыз, бирок өмүрүнө кепилдик бере албайбыз. Болбой дагы калышы мүмкүн» деп тууган-туушкандарынан тил кат жаздырып алабыз. Болбосо, операция учурунда жүрөгү токтоп калса туугандары нааразы болушу мүмкүн», - деди ал.

Боору 4-5ке бөлүнүп, айрылып кеткен көк бөрүчү жигиттин өмүрүн сактап калган Кубанычбек мырза көптөгөн кызыктуу же кайгылуу окуялар болорун айтат.

«Бир жолу бир жигит келди. Өзү көк бөрүчү жигит экен. Көк бөрү ойноп жатканда тайказанга катуу жыгылып, боору айрылып, 4-5ке бөлүнүп кетиптир. 5 саат жасаган операция ийгиликтүү өтүп, өмүрүн сактап кала алдык. Кийинки жылы көк бөрүдөн колун сындырып алып кайра келиптир. «Болду ойнобо, сага жашоо, ден соолук керекпи?» деп кетирдим. Ал көк бөрүнүн фанаты же ошол спортту ушунчалык жан дили менен сүйгөн жигит окшойт, азыр деле ойноп жүрөт.

Дагы бир жолу сокур ичегиге операция жасап жатканбыз. Ичин ачсак сокур ичегиси ары-бери эле кыймылдайт, аны алып салсак дагы токтобой кыймылдады. Буга чейин андайды көргөн эмесмин, таң калдым. Адамдын ичеги-карынынын ичинде аскарида деген узун-узун курттар болот. Ошондой курт сокур ичегиге барып тыгылып калыптыр.

Бир жылда жалпысынан 800дөй операция жасайбыз. Оор операцияларды 3-4 хирург бирге жасайбыз. Мунун ичинен оор 300дөй операция жасалды, калганы майда-чүйдө операциялар», - деди.

Учурунда ишкерлик менен алектенип, бейтаптарды медициналык аппараттар менен текшерген хирург үй-бүлөсү тууралуу жана районго келип иштеп калышынын себептерин айтты.

«Өзүм 9 бир тууганмын. 4 бир тууганымдын көзү өтүп кетти. Алардын ичинен мен хирургмун, Шарипа эжем эмчи айым. Ата-тегим негизи Кара-Бүргөн айылынан болгону менен мен Баетов айылында туулуп, ушул жерде өскөм. Үй-бүлөм туурасында айтсам, жубайым Чолпон Рысбаева экөөбүз классташ болчубуз. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бирге түтүн булатканыбызга 29 жылдын жүзү болду. Жубайымдын кесиби англис тилчи мугалим. 10 жыл Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде директор болуп иштеди. Учурда «Жаш балаты» бала бакчасынын башчысы болуп эмгектенип жүрөт. 3 уулубуз бар.

Улуу балам Насирдин Исанов атындагы Кыргыз улуттук архитектура, курулуш жана транспорт университетинен архитектор-дизайнер кесибин алып чыкса, ортончу уулум Санжар Медициналык институтта окуп, практикадан ийгиликтүү өтүп, уролог кесибин алып чыкты. Буюрса менин жолумду жолдойт. Ал эми кичүү уулубуз Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин экономика бөлүмүндө 1-курсту аяктады.

Өзүм Чүй облусунда иштеп жүрдүм. Темир иштетүү цехин ачып, 5 жыл ишкерчилик менен алектенип, анын арты менен Бишкек шаарынан үй, автоунаа алдым. Бул жакка келип калышымдын себебин айтсам...

Мурунку аким Сейтек Кулубаев экөөбүз таяке-жээнбиз. Ал киши аким болуп турган кезде «Кубан байке, Ак-Талаада хирург калбай калды, кыйын болуп жатат. Бул жакка келип иштеп бериңиз» деп телефон чалып, кээде үйгө чейин барып жүрдү. Ошентип Ак-Талаага келип, кайра кетүүгө аракет жасаган жокмун. Анткени, жубайым Чолпон мектепке директор болуп калды. Акыры отурукташып калдык.

Өзүм автоунаа башкарам, айдай алам. Бирок көбүнчө Чолпон айдап жүрөт. Эртең менен ким биринчи ойгонсо автоунаа ошонуку, ошол айдап кете берет (күлүп). Мен алыс жактарга чыкканда эле айдабасам, азыр үйүм оорукананын маңдайында, кирип-чыгып эле иштей берем», - деди ал.

Өмүр баяны:

Карагулов Кубанычбек Жумагулович 1965-жылы 8-август күнү Баетов айылында туулган.

- 1983-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо бөлүмүн аяктаган;
- 1989-1990-жылдары Нарын облустук ооруканасында интернатурасын өтөгөн;
- 1990-1992-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасында хирург;
- 1992-1994-жылдары хирургия бөлүмүнүн башчысы;
- 1994-2006-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары;
- 2006-2011-жылдары Чүй облусунун дарылоо борборунун диагностика бөлүмүн башчысы;
- 2011-2013-жылдары Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын директору;
- 2013-жылдан тарта хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

Баетов айылдык кеңешинин 2 жолку чакырылышынын жана Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 1 жолку чакырылышынын депутаты, жогорку категориядагы хирург.

Сыйлыктары:

- 2010-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы;
- 2011-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси;
- 2019-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы,
«Баетов айылынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×