Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.08.2019 15:01

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында 2,2 млн сомго ветеринардык сервис курулду

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 2 млн 297 миң сомго ветеринардык сервис курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалым болгондой, курулуш иштери АРИС долбоорунун колдоосу менен аяктады. Аталган сумманын ичинен 200 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 600 миң сому жайыт салыгынан, ал эми калган каражат аталган донордук уюм тарабынан каржыланган.

Ветеринардык сервисте кыркын пункту, ветеринардык дарыкана, мал дарылоо пункту жана короо-жайы камтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×