Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2019 17:02

Ак-Талаанын Баетов айылындагы Таш-Арык каналы таш менен жасалып жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Таш-Арык каналы таш менен жасалып жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Аманбек Аалиев билдирди.

Маалым болгондой, сугат суусу агып туруучу Таш-Арык каналынын айыл ичинен кесип өткөн 2,5 чакырым аралыгы казылып, таш тизүү ыкмасы менен ишке ашырылууда.

«Таш-Арык каналынын 2,5 чакырым бөлүгүнүн курулуш иштерине социалдык жардамга муктаж адамдар тартылган. Учурда 2 бригада иштеп жатат. Ар бир иштеп жаткан адамга 40 метрден тилке тийди. Алардын эмгек акысына эл аралык донордук уюм тарабынан ун жана өсүмдүк майы берилет. Ал эми таш тартып келүү чыгымдарына жергиликтүү бюджеттен 500 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ташты 30-35 чакырым алыстыктагы Жаман-Даван сайынан ташып келүүдөбүз», - деди Аалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×