Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.09.2019 17:34

Ак-Талаанын Үгүт айылындагы бала бакча 2,5 млн сомго оңдолду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл аймагына караштуу Байгөнчөк айылындагы бала бакча 2 млн 502 миң сомго оңдолуп жатканын айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы «Байгөнчөк келечеги» бала бакчасы өздүк салымдын, республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жана жеке ишкердин жардамы менен оңдолууда. Тактап айтканда, айыл өкмөтү тарабынан жазылган долбоордун алкагында дем берүүчү гранттан 1 млн 850 миң сом, өздүк салымдан 300 миң сом жана Байгөнчөк айылындагы жеке ишкер тарабынан 350 миң сом бөлүнүп, жалпы 2 млн 502 миң сомго оңдолуп жатат.

«Максатыбыз орундалып, бала бакчабызды оңдотууга жетишип жатабыз. Бала бакчанын имаратынын каалга-терезелери, отказаны менен жылуулук бере турчу түтүкчүлөрү жаңыртылды. Имараттын ичи-тышы шыбалып, чатыры алмашылды. Алдына таман таш төшөлүп, кире бериши курулууда. Кыскасы оңдоо иштеринин 95 пайызы аткарылды», - деди айыл өкмөт башчысы И.Эсенгулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×