Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.09.2019 10:15

Ак-Талаада чабыла элек дан эгиндердин сапаты текшерилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы үрөн чарбалардын дан эгиндеринин сапаты текшерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 4-сентябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Илимий изилдөө институтунун өкүлдөрүнөн куралган комиссия келип, Жаңы-Талап, Терек айылдарындагы үрөн чарбалардын өсүп турган буудай жана арпасын текшерүүгө алышты.

«Текшерүүнүн негизги максаты — элдерге сапаттуу жана түшүм бере турчу үрөндөрдү таратуу болуп саналат. Текшерүүдө үрөндүн байымдуулугу, тазалыгы, түшүмдүүлүгү, арасында ар кандай отоо чөптөрдүн бары же жогу каралды. Үрөн сапаттуу жана таза экендиги аныкталса элге сатууга жана таратууга уруксат кагазын беришет», - деди үрөн чарбанын ээси Токтонаалы Дегенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×