Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.09.2019 16:41

Комуз күнү: Ак-Талаада залкарлардын күүлөрү чертилди. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда тургундарга 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-сентябрда райондук маданият үйүндө Комуз күнү салтанаттуу белгиленип, анда райадминистрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев, суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Акматов, маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлжан Турдумамбетова жана Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директорунун орун басары Гүлнар Исаева ак-талаалыктарды Комуз күнү менен куттукташты. Андан сырткары, Нуркул Кулназаров атындагы райондук китепканасы тарабынан комуздун түзүлүшү, баалуулугу, тарыхы туурасында баяндама жасады.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз ийриминин мугалимдери жана окуучулары тарабынан белгилүү комузчулардын күүлөрү аткарылып, дастандар айтылса, балдар билим берүү борборунун бийчилери кыргыз бийлерин, ошондой эле маданият үйүнүн ырчылары комуздун коштоосунда жагымдуу чыгармаларды тартуулашты.

Иш-чарага Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×