Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.09.2019 20:48

Баетовдун ички жолдоруна асфальт төшөлүп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 2 көчөсүнө асфальт төшөлүп жаткандыгын райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Акай Султаналиев атындагы көчөнүн 700 метр жолуна 3,5 млн сом каражатка асфальт толук төшөлүп бүтсө, Кулубай атындагы көчөнүн 2 чакырым 300 метр жолуна асфальт төшөө үчүн жалпы 13 млн 340 миң сом каражат каралган. Учурда капиталдык салымдардын эсебинен 8 млн сом каражат бөлүнүп, асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×