Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.09.2019 17:31

Ак-Талаанын Үгүт айылына 109,5 миң сомдук бука алынып келди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылына абердин-ангус тукумундагы бука алынып келгенин айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов аймактык кабарчыга билдирди.

Бодо малдардын санына эмес сапаттуулугуна өтүү жана асыл тукум малды көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 109 миң 500 сом каражат каралып, салмагы 225 килограмм болгон 6 айлык бука алынып келди.

Аталган бука Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан сатылып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×