Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2019 11:31 На русском

Элет көйгөйү: Ак-Талаада невропатолог… кээде гинеколог болгон хирург Улан Койчубаков

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана Орозбек Көккөзов атындагы аймактык ооруканасында дарыгерлердин жетишсиздиги чоң көйгөй жаратып келүүдө.

Айыл тургундарынын айтымында, биринчиден бир катар дарыгерлердин жетишсиздиги, экинчиден сырттан келген дарыгерлердин турак жай менен камсыздалбай жаткандыгы, оорукананын имараты капиталдык оңдоого муктаждыгы жана септик системасынын толук кандуу иштебегендиги көйгөй жаратып келет. Аталган көйгөйлөр боюнча жогорку бийлик органдарына бир нече кайрылуу жиберилип, бирок алгылыктуу жыйынтык деле чыга элек.

Бүгүнкү учурда О.Көккөзов атындагы аймактык ооруканасында акушер-гинеколог, неотолог, инфекционист, кардиолог, анестезиолог, реаниматолог жана невропатолог дарыгерлер жетишсиз болгондуктан бейтаптар Нарын, Бишкек шаарына чейин барып дарыланууга муктаж болушууда. Ал эми сырттан келген дарыгерлер турак жайдын жоктогунан аз гана убакыт иштеп, аргасыздан кайра кетүүгө мажбур болушат.

Райондук аймактык ооруканасына сырттан келип иштегенине 3 жылдын жүзү болгон хирург Улан Койчубаков буларга токтолду.

«Өзүм Чүй жергесинен келгем. Үй-бүлөлүүмүн. 3 балам балам бар. Келинчегим кулак-мурун оорулары боюнча дарыгер болуп эмгектенет. Учурда колуктум декреттик өргүүдө. Бул жакка келип иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Аймактык ооруканадагы эң орчундуу көйгөй — дарыгерлердин жетишсиздиги. Аргасыздан бир дарыгер 6-7 дарыгердин ордуна иштөөгө мажбур. Бирок анын бардыгына эмгек акы төлөнүп берилбейт экен.

Дарыгерлердин жетишсиздигинен бир учурда травматолог, хирург, невропатолог, реаниматолог, кээде гинеколог дагы болгонго туура келет. Келген бейтаптарды кайра кетире албайсың. Алардын саламаттыгына көңүл бурууга аракет кылабыз. Сырттан келген дарыгерлер үчүн турак жай маселеси абдан оор. Өлкө башчысынан суранып кетет элек. Бизге окшоп сырттан келген жаш дарыгерлерге мобилдик үй болсо деле, 6-7 дарыгерге ылайыктап турак жай курдуруп берип коюшса бир топ көйгөй чечилип калмак. Сырттан дарыгерлер келбей койгон жок. Келип жатышат. Бирок жашоо шартка, турак жайдын жоктугуна байланыштуу кайра кетип калышат.

Келгени менен батирде жашашат. Бир күнү кожоюну келип «бошотуңуз» десе, көчөдө кала турганбыз. Батир издеп, батирден батирге көчүп-конуп жашаган деле кыйын экен. Чындыгына келгенде, биз деле дарыгерлерди келгиле, иштегиле деп чакырабыз. Алардын биринчи эле «жашаганга турак жай барбы?» дешет. Сырттан келген Уран Кадырбеков деген реаниматолог-дарыгерибиз бар. Бул дарыгерибиз дагы ар кайсы батирге көчүп-конуп жашагандан тажап, «кетем» деп жатат. Ал кетип калса таптакыр эле реаниматолог-дарыгерибиз жок калабыз», - деди У.Койчубаков.

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эмчи айымы Чатыркүл Дөнөнбаева дарыгерлердин жетишсиздигинен улам Нарын облусундагы окуу жайларда дарыгерлерди окутуу курстарын ачууну сунуштап келет.

«Биздин Ак-Талаа районунда калкыбыздын саны 36 миң адамды түзөт. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кулак-мурун оорулары боюнча дарыгер, гинеколог, эндикринолог жетишпейт. Азыркы тапта нерв оорулары дагы көп болуп жатат. Бирок невропотолог дарыгери жок. Андан сырткары тери оорулары көп болууда. Бул боюнча дарыгер жок. Окулист дарыгерибиз дагы пенсия курагында. Ал киши иштен кетип калса окулистсиз калабыз. Жетишсиз дарыгерлер сырттан депозит менен келишет. Бирок алар үчүн бул жакта турак жайы болбогондон кийин бир топ эле оор. Бул жакта 5 ай кыш болот. Алар ар кимдин үйүнө көчүп-конуп, батирлеп жашашат. Биздин оорукананын артында айыл өкмөттүн балансындагы спорт объектисинин имараты бар. Ошол имаратты айыл өкмөт берейин деген. Бирок ал имаратты оңдоп-түздөөгө, ичин бөлмөлөргө бөлүп, жылуулук системасын киргизип, үй кылып жасаш үчүн миллион сомдун айланасындагы каражат керек экен. Көп эле бош турган имарат бар. Ошолорго каражат бөлүп беришсе, оңдоп-түздөп туруп сырттан келген дарыгерге турак жай кылып берсек көйгөй аз да болсо чечилмек.

Андан сырткары, ар бир келген бийлик өкүлдөрүнө өз сунушумду айтып келе жатам. Өзүңөргө белгилүү болгондой Нарын шаарында дарыгерлерди даярдоо бөлүмүн ачып беришсе болмок. Жылына 20 дарыгер окутуп беришсе болот. Ар бир райондон 5тен студент алып окутушса, бир жылы 5 терапевт, кийинки жылы 5 хирург даярдалмак. 4-5 жылда дарыгерлер менен толукталып калмакпыз», - деди Ч.Дөнөмбаева.

Аймактык оорукананын 1-корпусу 1983-жылы курулган. 2000-жылы оңдоодон өткөрүлгөн. 2-корпусу 2000-жылы курулган. 2 корпусу тең курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлө элек. Суу түтүкчүлөрү, жылуулук системалары эскилиги жетип, жарактан чыга баштаган. Имараттын дубалдарынан жарака кеткен. Ошондой эле саркынды сууларын сыртка чыгара турчу септик системасы 2000-жылы биофильтрсиз курулуп калып, учурда бул дагы бир топ көйгөй жаратып келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×