Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2019 13:11

Тоголок Молдодо таза суу көйгөйүн чечүү үчүн эл 102 миң сом чогултуп, 1 козу беришти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында таза суу көйгөйүн чечүү максатында тегерек стол уюштурулуп, каражат чогултулганын аймактык кабарчы билдирди.

14-сентябрда өткөн тегерек столго район акими Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, айыл өкмөт башчысы Алмаз Кулов, айрым мекеме-ишкана жетекчилери, жеке ишкерлер, жергиликтүү тургундар жана айылдык кеңештин депутаттары катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө слайд-шоу аркылуу айылда аткарылган бир катар иштер, аны менен бирге эң орчундуу көйгөйлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле Ботогар чөлкөмүнөн тартылган жалпы 4 чакырым таза суу системасынын 800 метр аралыгын кыш мезгилине чейин капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси талкууланды. Аталган 800 метр аралыктагы жер алдындагы суу түтүкчүлөрүн жаңыртууга 800 миң сом каражат сарптала турганы, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом каражат бөлүнүп берилгени айтылды. Ал эми калган 500 миң сом каражатты таап, кыш кирип, жер тоңуп кала электе суу түтүкчүлөрүн жаңыртуу муктаждыгы белгиленди.

500 миң сом каражатты табуунун бирден бир жолу марафон уюштуруу жана таза сууга карызы бар тургундардын каражатын тез арада чогултуу маселеси коюлду. Бирок көпчүлүк марафон уюштуруу эмес, ким кааласа демөөрчүлүк кылуу жана таза сууга болгон карыздарды чогултуу менен маселе чечилерин колдошту. Бир пикирге келишкен соң демөөрчүлөр дароо эле каражат чогултууга өтүштү. Ошентип жыйындын соңунда жалпы 102 миң сом каражат чогултулуп жана 1 козу берилди.

Буга чейин жергиликтүү тургундар 2-3 чакырым алыстагы агын суулардан суу ташып ичип жатышканын, айылга таза суу системасы 1970-жылы курулуп, 2005-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн, жалпы 44 суу чоргосу курулганы менен бүгүнкү күндө анын 20га чукулу гана жарамдуу болуп, калганы жарактан чыгып калганын айтып, нааразы болушкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×