Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2019 15:57

Тоголок Молдо айылдык ооруканасына тез жардам унаасы берилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык ооруканасына тез жардам унаасы берилгендигин айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, натыйжада аталган ооруканага «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы берилген.

Буга чейин аталган айылдагы бейтаптарды жана кош бойлуу келиндерди райондун борборуна жана ошондой эле Нарын шаарына жеткирүүдө бир катар кыйынчылыктар жаралып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×