Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2019 17:48

Баетовдо жаңы трансформатор коюлду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 250 кВА'лык трансформатордун ордуна 400 кВА'лык жаңы трансформатор коюлуп, пайдаланууга берилгенин райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Тынчтык Турдукулов аймактык кабарчыга билдирди.

2019-2020-жылдын кыш мезгилине карата элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Электр чубалгыларын жана трансформаторлордун даярдыгын текшерүү, айрымдарын жаңыртуу, электр чубалгыларына коркунуч жараткан бак-дарактарды кыюу иштери аткарылды.

«Район боюнча жалпы 225 даана трансформатор, 282 чакырым узундуктагы аба чубалгылары аркылуу Ак-Талаа жергесине электр энергиясы берилип турат. Жеке абоненттердин саны 6824, мекеме-ишканалардын саны 514 болот. 2019-жылдын 8 айынын ичинде 29728,3 кВт саат электр энергиясы керектелсе, техникалык жоготуу 11,89 пайызды түздү. План боюнча 25144,2 кВт саат болсо, 25938,3 кВт саат болуп, 103,2 пайызга аткарылды.

Ал эми товардык продукция 27139,3 сомду түзүп, түшкөн каражат 26638,8 сом болуп, 98,2 пайызга аткарылды. Мунун ичинен элден өндүрүлгөн каражат 111,2 пайыз. Ал эми оңдоо иштеринин планы 2 млн 122 миң сом болсо, 2 млн 373 миң сомго аткарылды. Орто оңдоо иштеринин планы 1 млн 738 миң болсо, 1 млн 768 миң сомго аткарылды», - деди Т.Турдукулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×