Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2019 14:54

Облус башчысы менен жолуккан ак-талаалыктар кайсы көйгөйлөрдү көтөрүштү?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2 айылындагы көйгөйлөр менен облус башчысы Эмилбек Алымкулов таанышып жана жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 18-сентябрда Ак-Талаа жергесине иш сапары менен келген облус башчысы Э.Алымкулов Ак-Тал жана Ак-Кыя айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Эл тарабынан Ак-Кыя айылындагы 2017-жылы курулуп баштап, учурда каражаттын жоктугунан улам курулуш иштери токтоп калган Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинин жаңы имараты, Көк-Жар жана Ак-Кыя айылынын ортосундагы сайдагы көпүрөнүн аягына чейин оңдолбой жатканы, Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин авариялык абалда экендиги жана Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имараты кулап калуу коркунучунда тургандыктан менчик турак жай ижарага алынып, балдар шарты жок жерде тарбияланып жаткандыгы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×