Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2019 15:54

Ак-Талаада кырсыктардын тобокелдигин азайтуу түшүндүрүлүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзгөчө кырдаалдарда көрүүчү чаралар туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын ӨКБдан билдиришти.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаптарына ылайык өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аракеттенүү, өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин окутуу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында бир айлык жарыяланган. Анын негизинде Кызыл-Белес, Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Ак-Тал, Үгүт жана Тоголок Молдо айыл аймактарындагы мектеп, бала бакча, соода түйүндөрүндө жыйындар уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, өзгөчө кырдаалдардан сактануу жана алдын алуу боюнча маалымат баракчалары таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×