Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2019 16:36

Ак-Талаада милициянын ардагерлери медициналык кароодон өткөрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө милиция ардагерлеринин саламаттыгы текшерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 19-сентябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүндө милиция ардагерлеринин, айрымдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана бир катар милиция кызматкерлеринин саламаттыгын текшеришти.

«Ички иштер министрлигинин быйылкы жылы чыгарылган буйругунун негизинде атайын график түзүп алып, милициянын ардагерлерин медициналык кароодон өткөрүп жатабыз. Ал үчүн невропатолог, кулак-мурун оорулары боюнча дарыгер, көз дарыгери, терапевт, психолог келди. Ошондой эле кант диабети боюнча атайын медициналык аппарат ала келип, текшерүүдөн өткөрдүк. Андан сырткары, ооруган ардагерлер болсо бекер дарыланууга жолдомо алууга кеп-кеңештерибизди айтып, өзүбүз менен кошо ала келген дары-дармектерди бердик», - деди амбулятордун башчысы Зина Кадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×