Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.09.2019 09:07

Ак-Талаада дан эгиндерин оруп-жыйноого сырттан 6 комбайн жардамга чакырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү сырттан келген комбайндардын жардамы менен 97 пайыз аткарылгандыгын райондук айыл чарба департаменти аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, быйылкы жылы 3663 гектар аянтка дан эгиндери эгилген. Мунун ичинен буудай 1390 гектар, арпа 2259 гектар аянтка айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Тактап айтканда, дан эгиндеринин 3570 гектар аянты жыйналган жана орточо түшүмдүүлүгү гектарына 21 центнерден айланып жатат.

Дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө райондун өзүнөн 34 комбайн тартылган. Ал эми Кара-Бүргөн айыл өкмөтү Өзгөн районунан 2 комбайн, Кызыл-Белес айыл өкмөтү Жалал-Абаддан 3 комбайн жана Үгүт айыл өкмөтү Чүй облусунан 1 комбайн сүйлөшүү жолу менен алып келип, дан эгиндерин жыйноону эртелеп колго алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×