Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.09.2019 17:59

Ак-Талаанын үч айылында Калифорния калканчасы катталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 3 айылында пайда болгон зыянкеч куртту жок кылуу жана айыл чарба тармагы боюнча берилип жаткан насыяларды эффективдүү пайдалануу маселеси талкууланганын аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 19-сентябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы Ильич Марсбек уулу, Нарын аймактык өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Кубан Оторбаев Ак-Талаага иш сапары менен келип, жогорудагы эки маселе боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчылары, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Анда Ак-Тал, Үгүт жана Жаңы-Талап айылдарында өсүмдүктөрдө Калифорния калканчасы деп аталган зыянкеч курт пайда болгонун, аны жоготуу жана мөмө-жемиштерди өз убагында дарылап туруу маселеси айтылды.

«Аталган зыянкеч былтыркы жылы Жаңы-Талап айылында катталган болсо, быйылкы жылы Үгүт жана Ак-Тал айылында пайда болду. Бул зыянкеч буга чейин Нарын аймагында болгон эмес. Муну Калифорния калканчасы деп коёт. Мөмө-жемиш бактарында болот. Алма, өрүктөргө жабышат. Бул курттун калканчасы болот. Дары сепкенде андан калканчасы менен коргонуп алат дагы, өлбөйт. Акырындан мөмө бактардын азыгын соруп алат. Мөмө бактар акырындан ооруп өлө берет. Мөмө бербей калат», - деди И.Марсбек уулу.

Мындай зыянкеч катталган аймакка карантин жарыяланат. Карантин жарыяланса багбандар же жергиликтүү тургундар мөмө-жемиштерин сата албай каларын, ошондуктан бул зыянкеч жайылып кете электе мөмө-жемиштерди жаз алды менен дарылоо керектигин, бул ишке айыл өкмөттөр дагы чара колдонууга тийиш экенин кошумчалап өттү.

Андан сырткары, учурда мамлекет тарабынан 10 пайыз менен айыл чарба тармагына берилип жаткан насыялар эффективдүү пайдаланылбай, канчалык насыя берилгени менен айыл чарба тармагында натыйжалуу көрсөткүч болбой жатканы айтылып, насыя алып жаткан дыйкандарга же фермерлерге түшүндүрүү иштерин колго алуу керектиги белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×