Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.09.2019 14:32

Ак-Талаада Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 3 чакырымына шагыл төгүлүп, тапталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 3 чакырым аралыгына шагыл төгүлүп, таптоо иштери жүргөндүгүн райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 38-39-чакырымындагы 1 км, 56-чакырымындагы 0,5 км жана 68-69-чакырымындагы 1,5 км аралыгына, жалпы 3 чакырым жолго шагыл төгүү иштери жүргүзүлдү.

«Өтө начар жерлерине шагыл төгүп, таптоо иштерин жүргүздүк. Жакынкы аралыкта дагы Баетов—Кош-Дөбө жолунун 6 чакырым аралыгына шагыл төгүү иштери башталат. Министр Жанат Бейшенов Кош-Дөбө айылына келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда тапшырма берген. Кийинки жылы дагы шагыл төгүү иштери жүргүзүлөт жана 4-5 чакырым жолго асфальт төшөлөт», - деди Т.Абдылдабеков.

Буга чейин 5-сентябрь күнү Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон 6 айылдын жашоочулары райондук мамлекеттик администрациянын алдына чогулуп, тынчтык митинг өткөрүшкөн. Нааразы болгон жашоочулар менен 6-сентябрь күнү транспорт жана жолдор министри Ж.Бейшенов жолугушкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×