Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.09.2019 19:53

Ак-Талаада эки китепканачы «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленгенин аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 23-сентябрда райондук маданият үйүндө Мамлекеттик тил күнү белгиленип, анда райадминистрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев, райондук тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлжан Турдумамбетова район элин майрамы менен куттукташты. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Баетов айылынын Эсенгул Карасартов жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин, балдар билим берүү борборунун окуучулары тарабынан даярдалган маданий программа көрсөтүлдү. Ошондой эле маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерт тартууланды.

Андан сырткары Кызыл-Белес айылдык китепканасынын китепканачысы Гүлжан Өмүржанова жана Коңорчок айылдык китепканасынын китепканачысы Нуржан Арунова «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×