Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.09.2019 22:03

Баетовдо тургундар табигый кырсыктардан коргонууну үйрөнүштү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында табигый кырсыктардан коргонуу жана алдын алуу боюнча Жарандык коргонуу күнү белгиленгенин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаптарына ылайык өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга аракеттенүү, өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин окутуу максатында Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде Жарандык коргонуу күнү өткөрүлгөн.

Иш-чарада жер титирөө учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуациялоо жана өрт кырсыгынан сактануу, анын кесепеттерин жоюу аракеттери практикалык түрдө жүргүзүлдү. Андан тышкары, жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, авариялык абалга кептелген объектини калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аны менен бирге эле атайын шаймандар тааныштырылып жана колдонуу эрежелери көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×