Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.09.2019 17:55

Ак-Талаада эки залкар инсандын музейи ачылат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында эки залкар инсанга арналып музей ачуу иштери жүрүп жатканын айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, белгилүү композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракесин белгилөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Даярдык иштердин жүрүшүндө манасчы Молдобасан Мусулманкулов жана анын уулу, композитор Калый Молдобасановго арналып музей ачуу планы кабыл алынган.

«Залкар аталарыбыз үчүн музей ачууну баштадык. Мурунку бала бакчанын имаратынын 4 бөлмөсүн заманбап курулуш материалдары менен оңдоп жатабыз. Имаратты оңдоого жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан 98 миң сом жана К.Молдобасанов атындагы фонддон 110 миң сом каражат каралып, учурда курулуш иштери жүрүүдө», - деди С.Мыктыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×